Мындан 30 жыл мурун, 1987-жылы 24-июнда футболчу Лионель Месси Аргентинанын Росарио шаарында жумушчунун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Месси футболго 5 жашында келген. 1999-жылы Месси өзү жашаган шаардагы “Ньюэллзолд Бойз” командасына чакырылып, бир аз убакыттын ичинде командадагы эң мыкты оюнчу аталган.


2000-жылы 30-октябрда 13 жаштагы Лионель Месси “Барселона” жаштар командасына алынган. Месси негизги курам менен 2003-жылы “Порту” командасы менен болгон жолдоштук беттешүүдө ойногон. Ал эми расмий оюндарда ал 2004-жылдан тартып ойной баштаган. Анын алгачкы расмий оюну – 2004-жылы “Эспаньола” командасы менен болуп, өзүнүн биринчи тобун 17 жашында 2005-жылы май айында “Альбасете” менен болгон беттеште киргизген. Мындан кийин Месси "Барселона" менен испаниялык жана дүйнөлүк чемпионаттарда бир топ ийгиликтерди багындырган. Ал бүгүнкү күнгө чейин бул клубда ойнойт. Ал эми Аргентина курама командасы менен Лео чоң турнирлерде жеңиштерге жетише элек.
2010-2012-жылдары Месси үчүн жемиштүү болгон. Бул жылдар аралыгында ал 3 жолу катары менен ФИФАнын "Алтын топ" сыйлыгына татыган. 2015-жылы да ал "Алтын топту" уткан.
Лео Мессинин жубайы Антонелла Рокуццо менен бала кезинде таанышкан. Кичинекей Лео анын бир тууган агалары менен футбол ойноп чоңойгон. 2012-жылы алардын баласы төрөлгөн. Ата-эне ага Тьяго деген ысым ыйгарган. 2015-жылы экинчи уулу төрөлүп, Матео деген атты коюшкан.