Кытайдагы тынбай жааган жамгырдын кесепетинен улам Сычуань провинциясына жакын Деси шаарынын Синьмо кыштагында жер көчүп, 40 турак үйдү басып калды. Окуя 24-июнда жергиликтүү убакыт боюнча таңкы саат 06:00дө катталганын жергиликтүү SINА басылмасы Элдик куралдуу күчтөрүнүн милициясы Китая Чэнь Тебого таяп жазды. Акыркы маалыматтар боюнча көчкүнүн алдында калып дайынсыз болгондордун саны 200гө жетти. Ошондой эле Китая Чэнь Тебо топурак, таш алдынан 2 адамды тирүү куткарып чыгышканын кошумчалады.
"Кырсык катталган жерде 550гө жакын куткаруу кызматынын кызматкерлери казуу иштерин жүргүзгөн техникалар менен иш алып барышууда. Жамгыр дагы деле басылбай жаап жаткандыктан, ишти татаалдаштырып жатат. Жергиликтүү бийлик жакынкы жолдун баарын жаап, кыймылды азайтты, көчкү алдынан куткарылгандарды ооруканага эрте жеткиребиз деген үмүттө. Мындан тышкары бийлик өкүлдөрүнөн жана атайын эксперттерден түзүлгөн комиссия иш алып барууда", - деп жазылат маалыматта. Адамдарды издөө иштери уланууда.