Англиялык "Ливерпуль" футбол клубу Мохаммед Салахты 42 миллион еврого сатып алды

Англиялык "Ливерпуль" италиялык "Романын" жарым коргоочусу Мохаммед Салахты 42 миллион еврого сатып алды. Бул тууралуу маалыматты "Ливерпуль" өзүнүн официалдуу сайтына жарыялады. 25 жаштагы египеттик футболчу 2022-жылга чейин аталган клуб менен келишимге кол койду. Ал мерсисайддык командага быйылкы трансфердик мезгилде кошулган алгачкы футболчу.

"Ливерпуль" Салахка 11 катар номерин ыйгарды. Бул тууралуу Салах "Мага ордун бошотуп берген клубдашым Роберто Фирминого рахмат. Мен 11-номерди жакшы көрөм. Ушул номер менен "Ромада" ойнодум, Египеттин курамасында 11 менен жүрдүм. Бул үчүн рахмат дешим керек", - дейт. Ал эми Фирмино 9-номерде ойнойт.

Мохаммед Салах "Романын" курамында кезинде 2016-2017-жылкы сезондо 41 оюн өткөрүп, 19 жолу айырмаланып, 15 голдук пас чыгарган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
merisha11
2017-06-24 16:45:37
ал каяка кетти фирмино
0
Dybala.
2017-06-24 17:06:20
merisha11,ал озу 9 номерде ойной турган болду
+1
kychan.98
2017-06-24 17:01:19
Ийгилик мусулман бир тууганым.Роналдо,Мессиден да озуп кет атагын чыгып
+12
tuke1996
2017-06-24 19:07:26
Аллах колдосун бир тууган.
+1
Seryi-Kardinal
2017-06-24 19:29:07
9 да ким ойнойт эле мурда
0
Rasul94
2017-06-25 13:37:26
Seryi-Kardinal,бир убакта Фернандо Торрез болчу.азырынча бош болчу
0
Arsenal2
2017-06-24 20:02:47
Быйылкы сезондо кучтуу ойноду ромада
0
Ulan2601
2017-06-24 21:55:07
Ливерпульдун тарыхындагы эн кымбат трансферлердин бири болду окшойт
0
barsa30
2017-06-25 07:59:53
Фирмино бухтан берип жүрөт үйлөнүп Коуттар менен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан