Түрктөрдүн "Түбөлүктүү сүйүү" ("Kara Sevda") сериалы эмне үчүн бүтүп калды? Бул тууралуу маалыматты Түркиянын Хабер 7 басылмасы жазып чыкты.
Маалыматта белгилүү болгондой, баары сүйүп, артынан кууп көргөн "Түбөлүктүү сүйүү" сериалы "Ay Yapım" продюсердик компаниясы тарабынан экрандаштырылып, Түркиянын "Star Tv" телеканалы аркылуу көрсөтүлүп жаткан. Аталган компания менен телеканалдын ортосунда бирдиктүү келишимдер бар болчу. Тасма популярдуулукка ээ болуп көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө ээ болгону талашсыз. Ошол себептен "Ay Yapım" продюсердик компаниясы сериалды көрсөтүп жаткан телеканалдан келишимде көрсөтүлгөн суммадагы каражатты толук төлөөнү талап кылган.
Тилекке каршы, "Star Tv" өндүрүмдү төлөп берген эмес. Ошол эле учурда сериалдын 3-сезонуна жазылып жаткан сценарийи "Ay Yapım" жетекчилигине жакпай калган. Телеканалдан сумманы өндүрө албай калган продюсердик компания сериалды элдин эсинде кала тургандай кылып бүтүрүүнү көздөп, башкы делген каармандардын өлүмү менен аяктатты.
Сериалдын өкүнүчтүү соңу кууп көргөн көрармандарга жаккан жок. Арасынан "сериалды көрбөй эле койсом болмок" деп өкүнгөн, Ниханга (Неслихан Атагүл) кошулуп алып ыйлаган, ал тургай Кемаль (Бурак Өзчивит) өлүп калды деп эмдигиче "аза күтүп" жаткандар аз эмес. Демек, "Ay Yapım" өз максатына жетти - сериал көпчүлүктүн эсинде сакталып калды.
Эске салсак, аталган сериалдын 2-сезонунун акыркы 74-бөлүмү 21-июнь күнү "Star Tv" телеканалы аркылуу коомчулукка көрсөтүлдү. Тасма башка телеканалдар аркылуу көрсөтүлбөйт.