Өзбекстандык студент кыз Режеп Тайип Эрдогандын жан сакчысын өлтүрдү деп шектелүүдө

Өзбекстандык 25 жаштагы Фарида Байрамова Түркия президентинин күзөт башкармалыгында иштеген 24 жаштагы Рамазан Өзчелектин өлүмүнө шектелип, Стамбулдун Бейликдузу райондук полициясынын террорчулукка каршы бөлүмүндө сурак берүүдө.

Бул тууралуу аталган өлкөнүн маалымат каражаттары жарыялады.

Өзчелектин башына Байрамованын батиринде ок тийген. Ал экөө 9 ай мурда социалдык тармак аркылуу таанышышкан. Байрамованын айтуусунда мобилдик телефондогу “орус рулеткасынын” видеосун биргеликте көрүшүп, оюнду кайталагысы келген Өзчелек тапанча менен өзүн-өзү башка атып алган.

Бирок иликтөө маалында белгилүү болгондой, экөөнүн тең мобилдик телефондорунан “орус рулеткасынын” видеосун эч ким көргөн эмес. "Түрк президентинин жан сакчысына кызматтык курал катары берилген тапанча менен "орус рулеткасын" ойноо мүмкүн эмес болчу”, - дешет тергөөчүлөр.

“Өзбекстандык Фарида Байрамова Стамбулдан 850 чакырым алыстыктагы окуу жайдын фармацевтикалык факультетинде окуган. Ал жайкы каникул маалында өз батирине келген. Стамбулдагы батирди Ташкентте белгилүү болгон дарыгер ата-энеси сатып берген”, - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, президенттин жан сакчысынын өлүмү ушул жылдын 19-июнунда катталган. Фарида Байрамова ошол күнү эле жергиликтүү полицияга адам өлүмүнө шектүү катары алынып келинген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
Tyty1990
2017-06-26 10:25:19
Жаман болуптур не болсо да
+2
ShiRiNiM--KyZyM
2017-06-26 10:25:55
Жаңылыктын башталышы эле "өлүмго". Жакшыраак жаңылыктан баштагылачы. Кээде жаңылык окугун келбей кетет.
+2
sarbo
2017-06-26 10:30:40
узбектер...
+3
aiturgan9810
2017-06-26 10:32:40
Супер инфо неге жаныланбай жатат дуйшомбу болду го
+11
tatynam_88
2017-06-26 10:35:01
aiturgan9810,бугун дем алыш кун.эртен жаныланат да
-2
aiturgan9810
2017-06-26 10:41:44
tatynam_88,бугун жаныланыш керек го
+3
Almazbek1980kg.
2017-06-26 20:46:13
aiturgan9810,"Супер-Инфо" гезитинин жума күнү чыккан санынын электрондук версиясы буга чейин SUPER.KG порталына аптанын дүйшөмбү күнү жайгаштырылып келген. Бүгүн, 26-июндан баштап гезиттин электрондук версиясы окурмандарыбыздын назарына ар аптанын шейшемби күнү коюлуп турмакчы
https://www.super.kg/mobile/kabar/news/192565/

0
Aiza9797
2017-06-26 10:37:43
Супер инфо неге жаныланбай атат ?
+2
Alixan-Nookat.2015
2017-06-26 11:11:44
Aiza9797,Катуу майрамдап унутуп коюшса керек
+1
RusMos76
2017-06-26 10:52:01

Жанылыкта дем алыш болбойт эле го, тунку 12де да жаза берчи эленер го, жанылап койгула сураныч.
+2
Aiza9797
2017-06-26 11:01:09
Супер инфо жооп берип койгулачы сураныч?
0
Nooruzmairam
2017-06-26 11:06:22
Ообада кутуп жатабыз Жаны санын чыгарып койгулачы супеееер
0
abusait
2017-06-26 14:06:14
Nooruzmairam, гезиттери отпой калган окшойт...
0
admin_superstan
2017-06-26 11:09:30
aiturgan9810, Aiza9797, Nooruzmairam, саламатсыздарбы? Мындан кийин гезиттин жаңы саны порталга шейшемби күндөрү чыгат.
-42
admin_superstan
2017-06-26 11:34:57
aiturgan9810, omurbek1990, Dilnaz.kiko, гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий жана талкуу иретинде жазылган билдирүүлөрдү сайттын жетекчилиги өчүрүү менен кошо колдонуучуну порталдан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер gazeta@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
-13
tulpar90
2017-06-26 11:36:59
Жакшы Кыргызстандын паспорту эмес экен. Кандай кылмышкер болсо эле биздин арзан паспорт чыгат эле.
+10
Uhtishka.
2017-06-26 14:21:16
Байдын кызы экен да ...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан