Конфедерация Кубогу: Германия менен Чили жарым финалга чыгышты

Орусияда өтүп жаткан Конфедерациялар Кубогунда Германия жана Чили курамалары жарым финалга чыгышты.

25-июнда "В" тайпасынын 3-турдук оюндарында Германия-Камерун жана Чили-Австралия беттештери орун алды.

Йоахим Лёв жетектеген Германиянын курамасы Камерунду 3:1 эсебинде утту. Анда Германиянын оюнчулары Керем Демирбай жана Тимо Вернер (2 жолу) айырмаланса, Камерун курамынан Венсан Абубакар өзгөчөлөнгөн. Ал эми Чили менен Австралия курамалары оюнду 1:1 эсебинде жыйынтыкташкан. Австралия курамынан Жеймс Троизи эсепти ачса, ага Чили курамасынан Мартин Родригес голу менен жооп кайтарды.

Германия курамы 7 упай, Чили курамы 5 упай топтоп жарым финалга чыкты.

Жарым финалдык оюндарда Португалия - Чили, Германия - Мексика беттештери орун алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан