Америкалык актриса, модель Ким Кардашьян целлюлит чыры боюнча билдирүү жасады. Моделдин айтымында, анда целлюлит жок, сүрөттөр атайын программа менен жасалган.
“Мен 2 жолу жатынымдан операция жасаткам, чынында 3 айга жакын спорт залга барбай калгам. Бирок мындай абалга чейин өзүмдү таштап салган жокмун. Муну мени көрө албагандар эле жасап коюшту”, - деген ал.
Ошондой эле дарыгердин уруксаты менен кайрадан спорт залга барып, күнүнө 1,5 сааттан машыга баштаганын кошумчалаган.
Эске салсак, мындан бир нече ай мурун Мексикада эс алып жүргөн моделди папараццичилер сүрөткө тартып алышкан. Сүрөттөр тез арада жайылып, айрым күйөрмандары андан көңүлү калганын жазышып, Ким Кардашьяндын социалдык тармактагы баракчасынан чыгып кетишкен.