28-29-июндарда чет элдик музыканттар ачык асман алдында бишкектиктерге чыгармаларын тартуулашат

Бишкек шаарында жайдын аптаптуу күндөрүндө ачык асман алдында классикалык музыка боюнча "TENGRI Music 2017" III Эл аралык фестивалы өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 26-июнда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, фестивалга Австрия, Греция, Түркия, Азербайжан, Орусия, Италия, АКШ, Казакстандан келген жана жергиликтүү музыканттар катышышат.

"Музыканттар угармандарга өздөрүнүн чыгармаларын тартуулашып, энергетикасы менен бөлүшүшөт. Каалоочуларга жылуу кийим алып алууну сунуштайбыз", - дешет министрликтен.

Фестиваль борбор калаанын Түштүк дарбазасындагы Дайыр Асанов атындагы сейил бакта 28-29-июндарда өтмөкчү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан