Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы террорчулар жана аларга буйрук берген кураторлору бири-бири менен байланышуу үчүн Telegram кат алышуу кызматын колдонуп жатат деп айтууда. Бул тууралуу ТАСС басылмасы жазып чыкты.
Маалым болгондой, 3-апрелде Санкт-Петербург шаарында метродо болгон жардырууга шектелгендер, террористтик актты уюштурууда жана аны ишке ашырууда Telegram мессенжеринде жашыруун баарлашууларды колдонгону айтылууда.
“Telegram мессенжеринде жашыруун чаттарды түзүүгө жана маалыматтын корголушу жогорку деңгээлде болгондуктан, аны Орусия аймагындагы эл аралык террордук уюмдарынын мүчөлөрү колдонгону белгилүү болду”, - деп маалымдайт Федералдык коопсуздук кызматы.
Эске салсак, жардыруу 3-апрель күнү Санкт-Петербургдагы метродо болгон. Анын кесепетинен 14 адам каза болуп, 49 адам ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алышкан. Метродо болгон жардырууга Кыргыз Республикасында туулган, өзбек улутундагы Орусиянын жараны, 1995-жылы туулган Жалилов Акбаржон Акрамжанович шектелген.