Америкалык белгилүү түгөйлөр Бейонсе менен Jay-Z жаңы төрөлгөн эгиз наристелерине өздөрүнүн аттарына окшош ысым ыйгарышты. Тактап айтканда, уулуна Шон (Jay-Z нин өз аты), ирландиялыктардын тилинен которгондо “Кудайдын ырайымдуулугу” дегенди түшүндүрсө, кызына Бейонсе ысымынын кыскартылганы, “Бакыт алып келүүчү” дегенди билдирген Беа деген ат коюшту.
Бейонсе эгиздерди 12-июнь күнү убагынан эрте төрөгөн. Төрөт оор жүрүп, наристелер сары оорусунун жеңил түрү менен жабыркагандыгы маалым болгон. Мындан улам эне-балдар көбүрөөк убакыт төрөтканада болуп, кечээ, 25-июнда үйүнө чыгышкан.
Бирок бул тууралуу ырчы өзү да, жолдошу да расмий билдирүү тарата элек. Чет элдик маалымат каражаттары жазгандай, алардын жашоосундагы жаңылыктарды түгөйлөрдүн жакындары маалымдашууда.
Jay-Z менен Бейонсенин эгиздерден сырткары, 2012-жылы туулган Блу Айви аттуу кызы бар.