Колумбиянын түндүк-батыш тарабындагы Гуатапе шаарынан анча алыс эмес жерде жайгашкан суу сактагычта 170 адам саякаттап жүргөн кеме сууга чөгүп кетти. Анын ичиндеги 9у каза болгонун жергиликтүү ЖМКлар жазууда. Маалым болгондой, окуя кечээ, 25-июнда жергиликтүү убакыт боюнча түшкө жуук болгон. Куткаруучулар жүздөй адамды куткарып калууга жетишишсе, 30га чукулу жээкке өз аракети менен сүзүп чыккан. Ал эми куткарылбай калган дагы 30дай адам дайынсыз болууда. Куткаруу иштери кечээ башталып, бирок аба ырайына байланыштуу издөө аракеттери токтотулуп, бүгүн кайра жанданды.
Кырсыктан аман калгандар кемеде эч кандай куткаруучу жилеттер болбогондуктан көпчүлүгү кемеден алыс кетпей эле чөгүп кеткенин айтышууда. Туристтердин бири: "Кеме жээктен бир чакырым алыстаганда эле кокустуктан чөгө баштады. Арадан көп убакыт өтпөй кеме чөгүп кетти. Куткаруучу жилеттер да жок болгондуктан көпчүлүгү суудан чыга албай калышты", - деп билдирген.
Суу сактагыч өтө деле чоң болбогону менен, суунун тереңдиги 60 метрге жетет. Кырсыктын себеби такталууда.