Өлкөдө кыз-келиндер арасындагы алыш күрөшү боюнча Биринчи эл аралык Гран-при мелдеши өтөт

Ош шаарында 27-29-июнь аралыгында Курманжан датканын элесине арналган, кыз-келиндер арасындагы алыш боюнча Гран-при сериясындагы эл аралык мелдеш орун алат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Маалым болгондой, мелдеш 6 салмак ченинде өткөрүлөт, алар 55, 60, 65, 70 жана 75 килограмм салмак чендери. Мелдештин негизги максаты Кыргыз өлкөсүнүн ичинде жана чет өлкөлөргө алыш күрөшүн таратуу жана өнүктүрүү. Мелдешке өлкөнүн аймактарынан жана чет өлкөдөн спортчулар келип катышат.

Иш-чаранын байге фондуна жана уюштуруп, өткөрүүгө улуттук спорт түрүнүн дирекциясынан 1 миллион 21 миң сом бөлүнгөн.

Ошто кыз-келиндер арасында алыш боюнча мелдеш өтөт
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан