“Формула-1” боюнча Гран-при Азербайжан 2017 жарышында Даниэль Риккардо биринчи келди
Азербайжандын Баку шаарында 23-25-июнь аралыгында “Формула-1” боюнча Гран-при Азербайжан 2017 жарышында Даниэль Риккардо мара сызыгын биринчи болуп кесип өттү. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыкты.
Маалым болгондой, Red Bull командасынын спортчусу 27 жаштагы Даниэль Риккардо өзүнүн карьерасында 5-ирет жеңишке жетти, 2-орунду Валттери Боттас (Mersedes) ээледи. 18 жаштагы Лэнс Стролл (Williams) 3-орунда жыйынтыктады.