2003-жылы Камерун өлкөсүнүн футболчусу Марк-Вивьен Фоэ Конфедерациялар Кубогунун Камерун-Колумбия беттешинде жүрөгү токтоп каза болгон. Ал кайтыш болгондон кийин турнирдин күмүш медалы менен сыйланган. Фоэ англиялык "Вест Хем Юнайтед", "Манчестер Сити" жана франциялык "Ланс", "Лион" клубдарында ойногон. "Манчестер Сити" клубунда Фоэ ойногон 23-номерин колдонуудан түбөлүккө алып таштаган. Себеби Фоэ аталган клубда жүргөндө 23-катар номерде ойногон. Ал эми футболчу каза болгондон кийин анын урматына "Ланс" жана "Лион" клубдарында да 17-номер бүгүнкү күнгө чейин колдонулбайт. Себеби аталган клубдарда да маркум футболчу 17-номер менен ойноп келген.
Марк-Вивьен Фоэ жалпы эсепте 4 европалык клубда ойноп 201 оюнда 24 гол жараткан. Камерун курамасында 64 оюн өткөрүп 8 гол киргизген. Жетишкендиктерден Марк-Вивьен Фоэ Франциянын 2 жолку чемпиону, Франциялык Лигасынын кубогунун 2 жолку ээси, Африкалык Улуттар Кубогунун 2 жолку жеңүүчүсү жана Конфедерациялар Кубогунун күмүш медалынын ээси болгон.
26-июнга карата жылнаама.