Дагы бир бак унааны басып калды. Бишкекте бүгүн катуу шамал күтүлбөйт

Бишкектин Жибек Жолу көчөсүндө 40 жылдан бери өскөн дарак тамыры менен кулап, жеңил унааны басып калды. Учурда Патрулдук милиция кызматы Жибек Жолу көчөсүн Ибраимов көчөсүнөн күн чыгыш тарапты көздөй жолду тосту. Жашылдандыруу кызматы даракты кыркып, тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Кырсыктан троллейбустун жана электр зымдары да үзүлгөн. Адам өмүрүнө зыян келген жок.

"Унааны токтотуп калууга мүмкүн болбоду. Капыстан эле үстүмө дарак кулап жылбай калдым. Өзүмдүн аман калганыма шүгүр кылып жатам. Унаа келинчегимдин наамында эле. Ал Токмокто балдар үйүндө тарбиячы болуп иштейт", - дейт унаанын айдоочусу.

Жибек-Жолунда унаанын үстүнө бак кулады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
nurbekasr
2017-06-27 10:47:26
Эми мындан ары Бишкектин эски дарактары кулай берет,этият болгула шаардыктар.
+3
tyrgon
2017-06-27 13:33:08
министр транспорт сотко бергиле машина толоп берсин
+1
tyrgon
2017-06-27 13:34:10
моральный ущерб это уже по другому сыккыла
-1
bolush11
2017-06-27 14:52:31
Дагы бир БАК!!!! Бишкекте дагы бир дарак унааны басып калды табигый кырсык
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан