Кыргыз мушкери Өмүрбек Малабеков 23-июнда профессионалдык рингде алгачкы беттешин өткөрдү. Анда Эстониянын Курресааре шаарында бокс кечесинде беларусь спортчусу Андрей Нурчинский менен кез келген. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирет.
Беттеш 6 раундга созулган. Анда Кыргыз мушкери мыкты беттеш өткөрүп, беттештин жыйынтыгында калыстар жеңишти Өмүрбек Малабековго ыйгарышты.
Белгилей кетсек, Өмүрбек Малабеков өлкөнүн 7 жолку чемпиону, 2013-жылы Азия чемпиондугунда коло медаль тагынган. 2015-жылы “Украин атамандары” командасы менен Дүйнөлүк бокс сериясында эки беттеш өткөргөн.