Ошто ижарага алган Мерседес-Бенц-Гелендваген унаасы менен кырсыкка кабылган бүтүрүүчү 2 күндөн кийин эсине келди

Ош шаарында ижарага алган Мерседес-Бенц-Гелендваген унаасы менен кырсыкка кабылган мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн абалы турукташууда. Бул тууралуу бүгүн, 27-июнда Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынын тескөөчүсү Жанна Сатарбаева SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, кырсыктан кийин Ош облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган 1999-жылы туулган бала кечээ түнү эсине келген.

"Учурда балдардын биринин абалы жакшы. Жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган бүтүрүүчүнүн абалы турукташууда", - деди Сатарбаева.

Эске салсак, 24-июнь күнү Ош шаарындагы Киров атындагы №4-мектеп-гимназиясынын бүтүрүүчүлөрү аттестат тапшыруу аземинен кийин жол кырсыгына учураган. Анда бүтүрүүчүлөр ижарага алган Мерседес-Бенц-Гелендваген унаасы менен бара жатып, унаа башкаруудан чыгып кеткен.

Учурда бул факты боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө-иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
kechirmeni
2017-06-27 11:15:06
Байкуш ата энесинин шору экен да. Жакшы болуп кетсин. Озуно кийинкилерге сабак болсун
+3
Revolyutsiya2
2017-06-27 13:20:16
Ошол учун ХХХ керек... Ата-энеси да, мугалимдер да, анан опкосун колуна кармаган окуучу-бутуруучулорду ХХХ керек...

Илгери эч ким опкосун колуна кармап албайт эле мектепти бутуруп жатса, азыркыларга эч тушунбойсун, Гарвардды артыкчылык менен бутуруп жаткандай тимеле!
+4
Dilnaz.kiko
2017-06-27 14:19:15
Жакшына эле комментарий жазсаныз болбойбу азыр ата энесине акчада ошо машынада козуно корунбой турган кези,шыпаасын берсин мындан ары жамандык корбосун дейли калганы табылаар
+1
tyrgon
2017-06-27 13:30:14
ана эми толоп жат
0
Samina007
2017-06-27 14:06:02
Эми айтпай тургула гелентвагендин чыгым акчасын,дагы эсин жоготуп койбосун.араң өзүнө келгенде
+3
Kaninaiman
2017-06-27 15:34:51
Ушу бутуруучулор жон эле бутуп кетпейби деимда ,же созсуз шаар айланыш керекпи акча сарптап ата энесин кыйнап кымбат машина ижарага албай.тезирак сакайып кетишсин Аллахым шыпасын берсин
+1
RusMos76
2017-06-27 15:52:54
Генлендваген минбей гемирен кал, жакшы кудай озу сактаптыр!
+1
pero123
2017-06-28 15:15:11
акчасы көп экен да.дагын айда.эмикисинде инфинити эле айдап чык.кийин самалёт айда!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан