Жогорку Кеңештин комитетинде Бишкектеги дарактардын кыйылышынын мыйзамдуулугун текшерген жумушчу топ түзүлө турганы айтылды

Бүгүн, 27-июнда Жогорку Кеңештин комитетинде Бишкектеги дарактардын кыйылышынын мыйзамдуулугун текшерген жумушчу топ түзүлө турганы айтылды. Анын курамына депутаттар жана коомдун өкүлдөрү кирет. Түзүлгөн жумушчу топ бул маселени изилдеп, сентябрь айында маалымат бере турган болду.

Жыйында “Республика-Ата Журт” фракциясынан депутат Рада Туманбаева дарактарды кыюуда жашоочулар менен жолугуп, түшүндүрүү ишин жүргүзүү зарыл экенин айтты. Ал эми “Кыргызстан” фракциясынан депутат Дастан Жумабеков Бишкек шаарынын мэриясы жолдорду куруу боюнча жакшы жумуш алып барып жатканын билдирди. Ал жол курууга тоскоолдук жараткан дарактарды кыйганга туура келе турганын белгиледи. Бирок ошол эле учурда жашоочуларга түшүндүрүү ишин жүргүзүү зарыл экенин кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан