Баткенде 2 куткаруучу газга ууланды. Бири каза таап, экинчиси оор абалда бейтапканада жатат

Баткенде шахтага тосмо орнотуп жатып Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 30 жаштагы кызматкери газга ууланып каза болду. Аталган министрликтин маалыматына караганда, окуя 26-июнь күнү саат 12:00дө Самаркандек айыл аймагындагы "Эркин кен" шахтасында болгон.

Каза болгон куткаруучу Лейлек районунун Исфана шаарынын 1987-жылы туулган тургуну. Ага кошо дагы бир куткаруучу ууланып, ал оор абалда ооруканада жатат.

Эскерте кетсек, буга чейин 5-июнда да ушул эле шахтада өрт чыгып, куткаруучулар өрттү өчүрүп, тосмо орнотуп беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Nur8088
2017-06-27 12:59:09
Урматтуу супер инфо аты жонун да тактап бериниздер.
+2
admin_superstan
2017-06-27 16:27:48
Nur8088, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз.
0
Leilek-razzakov
2017-06-27 14:31:44
Жаткан жери жайлуу болсун, туугандарына сабыр берсин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан