Казакстандын Алматы шаарында 24-25-июнь аралыгында өткөн жеңил атлетика боюнча эл аралык турнирде кыргыз атлеттер 1 алтын, 2 күмүш жана 1 коло медалга ээ болушту. Бул тууралуу Казакстандын жеңил атлетика федерациясынын расмий сайтында жарыяланды.
Маалым болгондой, кыз-келиндер арасындагы 1500 метрге болгон жарышта Гүлшаной Сатарова 4 мүнөт 32,24 секунд жыйынтыгы менен алтын медалдын ээси болду. Жана ушул эле жарышта Алиса Мурзабек кызы 4 мүнөт 35,23 секунд жыйынтыгын көрсөтүп коло медалга ээ болду. Кыз-келиндер арасындагы 5000 метрлик жарышта Алиса Мурзабек кызы 17 мүнөт 39,77 секунд жыйынтыгы менен күмүш медаль жеңип алды. Эркектер арасындагы 100 метрге болгон эстафета жарышында Валерий Пономарев, Николай Котляров, Эркинбек Шеров жана Алигажи Магомедгажиев 42,05 секунд жыйынтыгын көрсөтүшүп күмүш медалдарын тагынышкан.
Кошумчалай кетсек, мелдешке 13 өлкөнүн спортчусу катышкан, Кыргыздын атынан 30 спортчу барган.