Украиналык ырчы Никита Жигурда менен жубайы Марина Анисина күтүлбөгөн жерден байып кетишти. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышууда.
Тактап айтканда, 2016-жылы каза болгон түгөйлөрдүн жакын таанышы, орусиялык ишкер айым Людмила Браташ Орусиянын борборундагы 3 батирин, Франциядагы үйүн жана банктык эсебиндеги каражаттарын Жигурда менен анын үй-бүлөсүнө мурастап кеткен. Бул боюнча Кунцево соту расмий түрдө чечим чыгарганы маалым болду. Соттун маалыматына караганда, Браташ калтырган мурастын суммасы болжол менен 800 миллион рубль.
Белгилей кетсек, Людмила Браташтын денеси 2016-жылдын 15-февралында өз үйүнөн табылган. Дарыгерлер анын кан-тамырлары уюп, өлүмгө алып келгенин айтышкан.