Орусиялык рэпер Децл аны малга салыштырганы үчүн музыкант Бастаны сотко берди

Децл каймана аты менен чыгып жүргөн орусиялык рэпер Кирилл Толмацкий музыкант жана продюсер Бастаны (өз аты Василий Вакуленко) 4 доомат менен сотко берип, моралдык зыян келтиргени үчүн 4 миллион рубль талап кылууда. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматтарга ылайык, анын сотко кайрылуусуна Бастанын социалдык тармактардагы Децлды шылдыңдаган билдирүүлөрү себеп болгон.

Баста бир нече жолу жаш рэперди малга окшоштуруп, социалдык тармактагы баракчасына аны жаныбар менен салыштырган сүрөт жүктөп, “силер да ушинтип ойлойсуңарбы?” деген суроо жазган.

Белгилүү болгондой, 2016-жылдын декабрь айында да эки ырчы соттошуп, Децл Бастадан моралдык зыян келтиргени үчүн 50 миң рубль өндүрүп алган. Соттошуунун себеби Баста рэперди “үрпөйгөн айбан” деп атаганында болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
ayjan_90
2017-06-27 21:12:42
Чын эле малга окшош экен а Бастаны сыйлайм ырлары сонун
-1
Arlenchik
2017-06-27 21:20:57
Сотко берип туурале кылат, канчалык окшош болгон кундо да бироону бироонун маскаралаганга эч укугу жок, адамдык абройуна шек келтирип моральный зыян бергени учун жооп берсин.
+4
Koshaly
2017-06-27 23:24:43
Децл дагы жакында эле Бастанын лейблындагы Скриптонити тарбиясыз ырдай албайт деп аябай сындаган ))
+1
Koshaly
2017-06-27 23:28:22
"Эта фотография была опубликована в ответ на непрекращающиеся выпады Кирилла Толмацкого в мою сторону и в сторону моих коллег. Он постоянно в интервью, в Facebook рассуждает почему-то обо мне, моей музыке, моих друзьях". Баста
+1
admin_superstan
2017-06-28 11:50:01
Koshaly, портал кыргыз тилдүү болгонуктан, кыргызча жазууну сунуштайм.
0
Attila88
2017-06-28 22:06:51
Децл россиядагы биринчи репер.Бастаны Децлге тенеген смешно.бастанын ырлары вообще жакпайт.Децлдын Потабачим , Лигалайз деген ырлары убагында хит эле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан