Кош бойлуу болгондуктан кыска мөөнөткө эс алууга чыккан америкалык теннисчи Серена Уильямс “Vanity Fair” журналынын башкы бетине чыгуу үчүн жылаңач сүрөткө түшүп, кенен маек курду. Анда теннисчи сүйүктүүсү Алекс Оганян менен кантип таанышканы тууралуу айтып берди.
Белгилүү болгондой, алар 2015-жылы Италиянын борбору Римдеги ресторандардын биринде таанышышкан. Ал учурда экөө тең бири-бирин жакшы тааныбайт эле. Серена алгач Алексти Римде өтө турган мелдешине чакырат. Теннисти жактырбаса да, Оганян Серенанын оюнун көрүү үчүн келген. Ал күнү теннисчи начар ойногонуна карабай жеңишке жетишет.
Эки жаштын мамилеси күн сайын бекемделип, 2016-жылдын жаз айларында Оганян сүйүктүүсүнө баш кошуу сунушун алар таанышкан ресторандан киргизген. Түгөйлөрдүн үлпөт тою качан өтөрү азырынча белгисиз.
35 жаштагы Серена Уильямс учурда 7 айлык кош бойлуу.