Бакай-Ата районунда бүтүрүүчүлөрдөн акча талап кылган эки милиция кызматкери жумуштан айдалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-июнда Талас облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Динара Сарногоева SUPER.KG порталына билдирди.
"Жогорудагы факты боюнча Талас ОИИБинин өздүк коопсуздук кызматы текшерүү жүргүздү. Анын жыйынтыгында видеодогу эки милиция кызматкери ички иштер органдарынан биротоло бошотулду. Ошондой эле чогултулган материалдар юридикалык баа берүү үчүн Бакай-Ата райондук прокуратурасына жөнөтүлдү", - дейт Сарногоева.
Айта кетсек, 26-июнда эки милиция кызматкеринин бүтүрүүчүлөрдөн акча талап кылып жаткан видеосу тараган. Жарыяланган видеодо "ар бир унаа үчүн 200 сомдон акча чогулткула, болбосо унааңарды айып төлөөчү жайга койсок мамлекетке 2000 сомдон айып пул төлөйсүңөр" деп сүйлөшүп жатышканын угууга болот.
Кийин окуя Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районунун борборунда катталгандыгы аныкталган.