УКМК: "Чек арага жакын жайгашкан аймактарда террордук акт даярдап жатышкандар кармалды"

Чек арага жакын жайгашкан аймактарда террордук акт даярдап жатышкан Кыргыз жарандары кармалды. УКМКнын маалыматына караганда, алар 1983-жылы туулган О.Д., 1989-жылы туулган Р.Н., 1986-жылы туулган К.С. жана 1996-жылы туулган Я.К. экени аныкталган.

"Алар колго жасалган жардыруучу зат жана ок атуучу куралдарды колдонуу менен коомдук-саясий кырдаалды дестабилдештирүү максатында чек арага жанаша аймактарда бир катар террордук акцияларды уюштурууну даярдап жатышкан. Бул факты боюнча "терроризм актысын даярдоо", "террорчулук ишти каржылоо", "мыйзамсыз түрдө куралдуу кошуундарды уюштуруу жана ага катышуу", "ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү", "экстремисттик материалдарды сатып алуу, даярдоо, сактоо, жайылтуу, ташуу жана жиберүү, ошондой эле экстремисттик же террористтик уюмдардын символдорун же атрибуттарын атайылап колдонуу" беренелери менен кылмыш иши козголду. Кармалган жарандар УКМКнын тергөө жайына киргизилди", - деп билдиришти Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети.

Бирок УКМКнын басма сөз кызматы террордук акт даярдап жатышкандар качан жана кайсы жерде кармалганын айтышкан жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Rozhulun
2017-06-28 11:27:57
Молодец УКМК камап салгыла
+5
Adiletto
2017-06-28 18:53:00
Жомок бул ишенбегиле. Текебаевтин сотунда элди алаксытыш учун атамбаевдин укмкга тапшырма катары берген анекдоту
-3
Leilektik
2017-06-28 11:33:08
ХХХ тойгозду ушулар сразы атып олтуротурган закон чыгарып койгондо жок болмок ушулар тезираак турмого камаш керек,кунуго аларды багуу керек,не кереги бар ХХХ
+3
admin_superstan
2017-06-28 12:18:23
Leilektik, провокация жаратуучу билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган. Эскертүү!
-3
evra_kg
2017-06-28 11:33:57
Каяктагы суроторду жарыялап укмк чекеден эле кармай берсин чекеден )) жардырса оной эле жардырып салат кыргызстан эмес онукгуп буткон мамилекетерде жардырып салтатко
0
meni_kut
2017-06-28 11:39:58
Суротто эки адамдын суротун кайра кайра чыгарыптырго мурдунан байкаса болот.Чын болсо УКМК рахмат,эгер калп болсо жамандыкты тилебегиле,тынч жашаганынарга шугур дегиле.
+3
Lintel
2017-06-28 11:47:23
Жалган кармалганы мен ишенбейм кайдагы жардыруу.
0
moskoy
2017-06-28 12:06:18
Lintel,сенда ошолордон окшойсун
0
aslan_akjol89
2017-06-28 12:03:19
Эмне,бироосун мечиттен,бироосун бир арчалуу парктан кармадынарбы?Кана королучу,кылмышкерлерди убактылуу кармоочу жайда,боюнун узундугун ченеген примерочный рейканын жанына тургузуп алып бет мандай,капталынан тарткылачы мындай.Анан дагы аттарын толук жазып,коздорун жаппай чыгаргыла.
0
Riokyrgyz
2017-06-28 12:10:56
Эми УКМКны мактагыла,кечээ эле шыбап жатып калдынар эле.Ар бир нерсенин жакшы жаманы болот,бир жааттуу болбоо керек.
-1
Chondobo92
2017-06-28 12:33:30
"Ээ сакалынды сенин" Белгисиз маршурт деген кинодо айтчу беле.
-1
matilla
2017-06-28 13:31:10
Терроризмге каршы дүйнөлүк уюмдардан аябай көп акча бөлүнөт, ошол акчаны алуу үчүн акчанын кулдары баардык ыплас иштерге барат.
0
shalpak
2017-06-29 09:30:24
Сакалчандардыкы өттү!
0
admin_superstan
2017-06-29 10:46:53
Revolyutsiya2, meni_kut, жеке айтышууларга жол берилбейт, ал үчүн купуя бар.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан