Жергиликтүү маалымат булактарынын биринде жакында эле турмушка чыккан ырчы, актриса Гүлнур Асанованы жолдошу менен эки ажырым жолго түшкөнү тууралуу макала жарык көргөн. Бул боюнча ырчы SUPER.KG`ге маалымат туура эмес экендигин билдирди.
Ал эми социалдык тармактагы баракчасына жолдошу Бактияр менен түшкөн сүрөтүн киргизип, буларды билдирди:
"Урматтуу журналисттер, кесиптик этиканы сактай билиңиздер! Урматыбыз менен Бактияр жана Гүлнур” деген билдирүү калтырган.
Белгилей кетсек, 5-июнда Бишкектеги ресторандардын биринде Гүлнур Асанова турмуш жолуна аттанган.