Бишкекте унаа уурдоого шектелген эки адам кармалды. Алардын бири өспүрүм

Бишкекте унаа уурдоого шектелген эки адам кармалды. Мындай маалыматты бүгүн, 28-июнда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2016-жылдын август айында Мерседес үлгүсүндөгү унаанын уурдалганы боюнча Бишкек шаарынын жашоочусунан арыз келип түшкөн. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка тиешеси бар деп 32 жаштагы О.А. аттуу шаар тургуну кармалган. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Ошондой эле милиция кызматкерлери тарабынан унаа уурдоого шектүү катары 17 жаштагы А.Э. кармалды. Ал унаа жуучу жайдан Тойота үлгүсүндөгү унааны айдап качып кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан