Кайрат Примбердиев: "Мамлекет мага сыйлык бере элегине таарынбайм. Демек, ага татыктуу эмесмин, дагы иштешим керек"

Бир нече мүнөттөрдөн соӊ популярдуу ырчы, "Голос" телеберүүсүнүн финалчысы Кайрат Примбердиевдин SUPER.KG порталынын түз эфириндеги маеги башталат. Ырчынын күйөрмандары мындай мүмкүнчүлүктөн пайдаланып суроолорун узатып, жооп алса болот. Суроолорду түз эфир жүрүп жаткан учурда "Соңку кабар" аркылуу комментарий жазып, жооп алсаңыздар болот.

Колдонуучулардын арасынан кызыктуу суроо берген окурмандарга Кайрат Примбердиевден атайын белектер бар.
15:05. Ырчы Кайрат Примбердиев түз эфирдеги маекке кечигүүдө.

15:06. Бир аз кечиккен ырчы түз эфирдин кеӊсесине баш бакты. Маек башталуу алдында турат.

15:10. Түз эфирдеги маек башталды.

15:16. Ырчы чач жасалгасын алмаштырганын айтып, жаңы ыр жаздырып жатканына байланыштуу кечигип келгенин билдирди. Учурда ырчы чыгармачылыгындагы жаңылыктары, "Голос" долбоорунда алган тажрыйбасы тууралуу айтып берүүдө.

15:24. Ырчы логикалык суроолорго жооп берүүдө.

15:30. "Орусиялык продюсерлерден иштешүү тууралуу сунуш түштүбү?" деген суроого мындай дейт:

"Чынында ал жактагы продюсерлерден иштешүү тууралуу сунуш түшкөн жок. Бирок таланттуу бир композитор өзү ырдаган ырын белекке берди. Ар бир нерсенин өз убактысы бар. Андыктан, буюрса, иштешүү тууралуу сунуш эми түшүп калар. Азырынча өз мекенимде эле иштеп, эмгектенип жатам", - деген жооп узатты.

15:36. "Социалдык тармактагы баракчаӊызга караганда сенин ийгилигиң сени эмес, жубайыңды жылдыз кылып жибергендей сезилет" деген суроого ырчы: "Жубайым мурда эле ошондой постторду жазып турчу" деп жооп берди.

15:40. Ал эми мамлекеттик сыйлык берилбегени боюнча мындай дейт:

"Укмуш бир нерсени кыйратып салдым дей албайм. Алдыда да көп жасалчу иштер бар. Мамлекет мага сыйлык бере элегине таарынбайм. Таарынып, кимге кайрылмак элем? Сыйлык бере элекпи, демек, ага татыктуу эмесмин, дагы иштешим керек", - дейт ырчы.

15:51. Ырчы учурда америкалык ырчы Майкл Жексондун "Black or white" ырына бийге түштү. Ырчы бийлегенди жакшы көрөрүн айтып, "ырчы болбой калсам, бийчи болмокмун" дейт.

15:57. "Жубайыңыз менен качан чогуу ырдап чыгасыз?" - деген суроого буга чейин экөө дуэт жаздырганын айтып, аялынын ырчылык менен алектенүүсүнө каршы эмес экенин билдирди.

16:03. Апасына телефон чалып, түз эфирде ага болгон сүйүүсүн, ыраазычылыгын билдирди.

16:05. Ырчы күйөрмандын "Жүрөгүӊүзгө Талас жакынбы же Кара-Кулжабы?" деген суроосуна "Даам-тузун таткан жерди жамандабайт" деп айтылат. Тарбияны Таластан алдым, досторду ошол жактан тапкам. Бирок этим Таластыкы болсо, сөөгүм Кара-Кулжаныкы. Андыктан эки жерди тең жакшы көрөм", - деп жооп берди.

16:12. Ырчы жубайы менен кантип таанышып, үй-бүлө куруу тууралуу сунуш киргизгендиги тууралуу айтып берип жатат.

16:22. Ырчы биринчи турмушу, ал никеде төрөлгөн баласы тууралуу айтып берди. "Тун уулум Амир менен азыркы жубайым Эля жакшы тил табышат. Амирге учурда каралашып турам, тапкан каражатымдын 25 пайызы алимент катары төлөнөт. Чоӊойсо, бул сумма дагы көбөйөт", - дейт ырчы.

16:25. Учурда ырчынын "Жакшы эле көрөм өзүӊдү" ырынын клиби жаӊырууда.

16:34. Кайрат Примбердиев балалык доорун эскерип, окуучулук кезиндеги кызыктуу учурларды айтып берүүдө.

16:44. Алып баруучулар айткан табышмактардын жоопторун таба албай калган ырчы видео тапшырманы аткарууга бел байлады. Тагыраагы, "тамашоучу" Эмил Эсеналиевдин телефон аркылуу досу менен "даӊ-даӊ" сүйлөшкөнүн туурап бериши керек болду. Ырчы бул тапшырманы көӊүлдүү аткарып берди.

16:45: "Тасмага тартылууга сунуш түшсө, комедиялык же кайгылуу кинодо роль жаратмакмын", - дейт ырчы.

16:50. Ырчы англис тилиндеги "Stupid mistake" аттуу ырды аткарып жатат.

16:54. Ырчы өткөн жылдын декабрь айында үйүн тоногон уурулар азыркыга чейин табыла электигин айтты.

17:05. 2015-жылы ырчынын уюлдук телефонуна хакердик чабуул болуп, андагы интимдик видеолорду элге жарыялоону айтып, акча талап кылгандар боюнча берилген суроого ырчы мындай дейт:

"Бул окуя боюнча кабар пиар эмес болчу. Интернеттеги өздүк баракчама хакердик чабуул болуп, андан интимдик видеолорду тааныштарыӊа таратып, чыгара баштайбыз дешкен болчу. Ал маселени чечүү оӊой эле экен, интернет аркылуу чечилди", - дейт.

17:09. Түз эфир соӊуна чыкты.

Кайрат Примбердиев: "Кайсыл ырчы тойдо жүрсө, демек, ошол элиталык ырчы"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Jelmoguz.brat
2017-06-28 15:07:21
Туз эфирди кайактан коро алабыз?
0
admin_superstan
2017-06-28 15:48:20
Jelmoguz.brat, саламатсызбы? Бул шилтеме аркылуу кирип көрүңүз. https://www.super.kg/media/stv/196747/
0
jaz99
2017-06-28 15:17:36
Саламатсызбы Кайрат байке апанызга эфирде ыраазычылык создордун эн сонундарын айтып беринизчи?
-2
Aznazalai
2017-06-28 15:20:55
Саламатсызбы?Каракулжага салам айтып коёсузбу?
0
Hadyja
2017-06-28 15:28:03
Екатеринбургтан коргонумо аябай ыраазы болгом,плакаттар шаардын коп жеринде илинип турду.Эми Бишкекте журсом туз эфирге чыктыныз.Ырларды ырдаганга жараша бийик денгээлде ырдаганыныз жакты.Анан да иниме аябай окшошсуз.Иштеринизге ийгилик
+4
maxburat
2017-06-28 15:31:33
Саламатсызбы? Бир нече жыл мурда супер инфого интервью бергенинизде узун чачынызды сынап билдируу калтырган болчумун. Мени кечирип коюнузчу. Сизди корсом ошону эстеп уялып калам.
+4
jamakeev2015
2017-06-28 15:35:37
Саламатсызбы Кайрат байке убагында сиз чыгып келе жаткандагы хит ырыныды аткарып беринизчи сагынганда деген ырды
+1
Esen81
2017-06-28 15:36:48
Кайрат досум ассалоому алейкум. Апам учун деген ырындан бир сап ырдап берчи. а мумкуболсо мага
чалыпкойчу Эсен
+1
Izdeim_seni.
2017-06-28 16:12:24
Эми апасына жанынан эле айтпайбы ыраазычылыгын. Туз эфирге келгенде обу жоктонбой
-4
Alibay
2017-06-28 16:22:47
Супер Инфо беттеги дакты кантип кетирет?-уй шартында ,же болбосо косметологияда.Бир жакшы макала даярдасаныздар жакшы болмок...
-7
admin_superstan
2017-06-28 16:31:12
Alibay, саламатсызбы? Бул шилтеме аркылуу кирип көрүңүз. http://www.super.kg/article/show/22371
0
Jojom2015
2017-06-28 16:35:58
Салам барынарга! Голос теле беруусундо сиз менен кошо толкунданып, добуш берип колдоп турдук. Жубайыныздын уну жоон, озгочодой туюлду жана ырыныздар абдан жакты, маанайды которот, кайра-кайра уга берем. Жана да чачынызды байлаган жарашат экен. Унунуз соонун, дайыма ырларынызды берилип угам. Бактылуу болунуздар !
+3
Taalaibekov.ch
2017-06-29 13:10:35
Сизге сыйлык берилиш керек эле бирок берилет бул сыйдан тайгандар кетип сыйлуу адамдар келгенде
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан