Испания менен Германия 21 жашка чейинки футболчулар арасында өтүп жаткан Европа Чемпиондугунун финалына чыгышты

Польшада өтүп жаткан 21 жашка чейинки футболчулар арасындагы Европа Чемпиондугунун финалына Испания менен Германия чыкты. Анда жарым финалдык баскычта Испания Италияга кез келсе, Германия Англия менен күч сынашкан.

Испаниянын жаш футболчулары Сауль Нигестин күчү менен италиялыктардын дарбазасына 3 гол киргизип финалга жолдомо алышса, Италия курамасы Федерико Бернардескинин голу менен гана жооп кайтарды.

Англия менен Германиянын чейрек финалдык беттеши 2:2 эсебинде аяктап, оюн пенальтилер сериясы менен жыйынтыкталды. Анда Германиянын оюнчусу Дэви Зальке оюндун 35-мүнөтүндө эсепти ачкан. 1-таймда Демарей Грейдин эсепти теңеп, 2-таймда англиялык футболчу Тамми Абрахам германиялыктарга гол киргизген. Ошону менен 2-таймда эсеп 2:1 болгон. Германиялык Феликс Платте бурчтан көтөрүлгөн топту таамай сүзүп эсепти теңеди. Пенальтилер сериясында немис футболчуларынын пайдасына 3:2 эсеби катталды.

Финалдык беттеш 1-июль күнү орун алат.

Англия - Германия. Европа Чемпиондугу U-21
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Dybala.
2017-06-28 16:09:40
Испания женет буйруса
0
Babi.
2017-06-28 16:11:25
Германияга ийгилик
0
FCBMESSI
2017-06-28 16:19:48
Испанияга ийгилик
0
admiral
2017-06-28 16:41:44
Германия чемпион
0
Azamat_15
2017-06-28 21:34:34
Германия чемпион
0
doping2
2017-06-29 00:58:04
Испания чемпион
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан