Сокулук районунда 17 уурулук фактысына шектелген жаран кармалды

Сокулук районунда 17 уурулук фактысына шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-июнда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Чүй ОИИББинин маалыматына караганда, Сокулук РИИБине 27 жаштагы Чүй облусунун тургуну арыз менен кайрылып, белгисиз адам үйүндөгү 8 миң сом акчасын жана уюлдук телефонун уурдап кеткенин айткан.

"Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары 23 жаштагы Л.А. кармалган. Тергөөнүн жүрүшүндө анын 17 уурулук фактысына катыштыгы бар экени аныкталган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө уланууда", - деп билдиришти Чүй ОИИББинен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Take_men
2017-06-28 20:22:03
Шаардын четиндеги жашаган тааныштарымдын баарынын уйуно ууру кирген. Тан калганым бизде уурулар уйдо кишилер уктап жатканын билсе да киришет экен. А уйдогулор олтуруп кетпесин деп уктамыш болуп жата берет экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан