МЕДИА-ПОРТАЛ: Эксклюзив! "Өзүм тартынчаак болгондуктан "Сүйкүмдүүсүӊ, жаным, секетим" ырымдын клибинде баш каармандын образын жаратуудан баш тарттым" дейт ырчы Илгиз Абдалиев

Бүгүн, 28-июнда "Медиа-портал" бөлүмү Илгиз Абдалиевдин жаӊы, эксклюзивдүү "Сүйкүмдүүсүӊ, жаным, секетим" ырынын клиби менен толукталды. Ырчы клип тартуу процесси тууралуу буларды билдирди:

"Аталган ырдын сөзү, обону мага таандык. Ал эми клиптин идеясы, каармандарды тандоо Баха аттуу режиссёр жигитке таандык. Клипте бул жаатта бир аз тажрыйбасы бар болгон актёр-актриса тартылды. Өзүм буга чейин тартылган клиптеримде тартынчаак болуп, образды жакшы ачып бере алган эмес элем. Андыктан бул ирет клибимде баш каармандын образын жаратуудан баш тарттым", - дейт Илгиз Абдалиев.

Илгиз Абдалиевдин "Сүйкүмдүүсүӊ, жаным, секетим" ырынын клибин бул жерден көрүӊүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Izdeim_seni.
2017-06-28 20:39:52
Эми бул заманда эмне коп:талантсыз ырчы,актриса ,бийчилер коп. Ырдын атына соз жок Эми. ХХХ
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан