Бүгүн, 28-июнда Ысык-Көлдө Патрулдук милициянын кызматкерин айдоочу унаасы менен сүзүп кетти. Республикалык Патрулдук милициянын басма сөз кызматынын өкүлү Медер Шабдановдун SUPER.KG'ге билдиришинче, милиция кызматкеринин абалы оор болуп, учурда ооруканага жеткирилип, ага операция жасалып жатат. Кырсык Чолпон-Ата шаарында саат 17:00 чамасында катталган.
"Кызматкер жолдо кызмат өтөп жатканда Субару Форестер унаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып, аны сүзүп кеткен. Андан кийин милициянын кызматтык унаасын да сүзгөн. Натыйжада кызматкер оор жаракат алды. Азыр ооруканада операция жасалып жатат. Ал эми сүзүп кеткен айдоочунун унаасы айып жайына токтотулуп, материалдар жыйналып жатат", - деди Шабданов.