Өзгөн районунун тургуну ок атуучу курал менен кармалды

Өлкө аймагында мыйзамсыз курал сактагандар кармалып, кылмыш иши козголду. Мындай маалыматты бүгүн, 28-июнда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иликтөө иштеринин жүрүшүндө 29 жаштагы Ош шаарынын тургуну кармалып, Калашников автоматы 4 огу менен алынган. Ошондой эле Өзгөн районунун 23 жаштагы жашоочусу 7 огу менен тапанча алып жүргөн жеринен кармалган.

"Милиция кызматкерлери Таш-Көмүр шаарында жергиликтүү жашоочунун үйүнөн ок атуучу курал табышкан. Мындан сырткары өлкө аймагында өз ыктыяры менен курал тапшырган 8 факты катталган. Ок атуучу куралдарды ок дарылары менен мыйзамсыз сактоо фактысы боюнча кылмыш иши козголду", - деп билдирди басма сөз кызматы

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
BarsBaatyr
2017-06-28 22:31:53
Азыр мурдунан чимкириги токтой элек балдардан бери тапанча көтөрүп калышты го.
0
chyngyz-40
2017-06-28 23:03:27
озу тапанча которуп журо турган заман болуп калды
-3
chyngyz84
2017-06-29 20:18:18
chyngyz-40, Туура.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан