ЖЫЛНААМА, 29-ИЮНЬ: Орусиялык жана грузин ырчысы, актёр Сосо Павлиашвили 53 жашка толду

Орусиялык жана грузин ырчысы, актёр Сосо Павлиашвили бүгүн, 29-июнда 53-туулган күнүн белгилөөдө. Белгилүү ырчы Грузиянын Тбилиси шаарында туулган. Толук аты-жөнү - Иосиф Раминович Павлиашвили.

Сосо 6 жашынан тарта скрипкада ойноону үйрөнө баштап, Тбилисидеги консерваториянын скрипка классын бүтүргөн. Армияга барып келген соң 24 жашынан тартып ырдай баштаган. Кийин "Иверия" ансамблине мүчө болуп, 1 жылдай иштеген. 1989-жылы Юрмалада өтө турган сынакка катышып, баш байгеге ээ болгон.
Ал өзүн актёр катары да сынап, "Буратинонун жаӊы жоруктары", "Атасынын кыздары" жана башка тасмаларда роль жараткан.
Жеке жашоосу:
Ырчы 1985-жылы Нино Учанейшвили аттуу кызга үйлөнгөн. 2003-жылы түгөйлөр ажырашып кетишкен. Учурда Сосо Ирина Патлах менен жарандык никеде жашайт. Ырчы биринчи никесинен бир уулдуу болсо, жарандык никеде жашаган аялы Ирина Патлах 2 кыз төрөп берген.

29-июндун жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан