Чолпон-Ата шаарындагы Патрулдук милиция кызматкеринин өмүрүн алган жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 29-июнда SUPER.KG порталына Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, адам өмүрүн алган жол кырсыгы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренеси (транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу) менен кылмыш иши козголду.
"Азыркы тапта тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүүдө. 1991-жылы туулган айдоочу кармалып, Субару Форестер үлгүсүндөгү унаасы айып жайга киргизилди", - деп билдиришти ИИМден.
Айта кетсек, жол кырсыгы кечээ, 28-июнь күнү саат 17:00 чамасында Чолпон-Ата шаарында болгон. Анда кызматын өтөп жаткан Патрулдук милициянын кызматкерин айдоочу Субару Форестер үлгүсүндөгү унаасы менен сүзүп алган. Жабыркаган кызматкер ооруканага жеткирилген. Бирок анын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес.