Жалал-Абад ОИИБи: "5 күн мурун жоголгон келин табыла элек. Ал Орусиядан жолдошумду тосуп алам деп үйдөн чыгып кеткен"

24-июнь күнү саат 16:00дөр чамасында үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткан 21 жаштагы Сирена дагы эле табыла элек. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад ОИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

Изделип жаткан Сирена Алтынбекова 1996-жылы туулган. Анын жанында өзүн тастыктай турган бир дагы документи жок. Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз катчысы Самара Кыдырова Сиренанын ата-энесинин божомолуна таяп, аны Бишкекте жүрүшү мүмкүн деген оюн айтты.

"Сирена Алтынбекова психикалык жактан жабыркап, дарыланып жүргөн. Ал кээ бир учурларда жүрүм-турумун акылы менен башкара албай калышы мүмкүн. Ал турмушка чыккан, жолдошу Орусияда экен. Үйдөн чыгып кеткен күнүн жеңеси айтып берди. Саат 16:00 чамасында "жолдошум келиптир, тосуп келем" деп чуркап чыгып кеткенде аркасынан жеңеси жетпей калган экен. Ошол бойдон кайтып келген эмес.

5 күндөн бери дайынсыз болууда. Ата-энесинин божомолу боюнча, жолдошун Бишкектен тосуп келем деп таксиге отуруп кетип калышы мүмкүн. Милиция облустун бардык аймагына билдирүү тараткан. Эми Бишкек, Ош аймактарына да таратып жатабыз. Көргөн билгендер болсо жардам сурайбыз", - дейт Самара Кыдырова.

Сирена Алтынбекованын белгилери: бою 165-170 сантиметр, чачы узун, күрөң түстө. Кашы, көзү кара, ак жүздүү, дене түзүлүшү толмоч келет.

Ошол күнү кийген кийимдери: үстүндө кызыл түстөгү гүлдөрү бар халат, көк түстөгү чыпташкан шым, башында кызыл түстөгү жоолук.

Сирена Алтынбекованын жүргөн жерин көрүп билгендер болсо же кандайдыр бир маалыматтар болсо, төмөндөгү телефон номерлерине билдирип коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт.

Байланыш телефондору: (03744) 5 06 33; 0558 33-00-01; 0773 84-43-00.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Ayida
2017-06-29 14:09:32
Кантип эле чуркап чыгып кетсин жаш бала эмес го? Анан да жетпей калдым дептир женеси кууп артынан жетпегидей .Неге кууйт женеси ал неге чуркап чыгып кетет тушунуксузго. Бишкектен тосуп келем деген келин халат мн чыкпайт.Атайын кийинип уйундогулорго айтып анан чыгатда
-2
tynara81
2017-06-29 14:38:21
Ayida,психикалык жактан жабыркайт экен. Күйөөсү келген келбегени деле белгисиз го.
+3
Bazana
2017-06-29 16:22:00
Ayida,жакшылап кайрадан окуп чыкккын кабарды .
0
madina.87
2017-06-29 14:44:58
Ушу оорукчан кыздарын куйоого узатпай эле карай беришсе болбойбу а?
Табылып калсын эми.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан