Борбор калаада снукер боюнча Азия чемпиондугу өтөт

Бишкек шаарында бүгүн, 29-июндан баштап 7-июлга чейин снукер боюнча Азия чемпиондугу өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, айтылган иш-чара Кыргыз өлкөсүндө алгачкы жолу өткөрүлөт. Мелдешке 14 өлкөдөн 70 спортчу катышып чемпион аныкталат.

Кыргыз Республикасындагы Снукер федерациясынын президенти Константин Коробовдун айтымында, өлкөдө буга чейин снукер боюнча 4 чемпиондук өткөн. Учурда спорттун бул түрү боюнча өлкөнүн чепиону Кубанычбек Сагындыков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Seryi-Kardinal
2017-06-29 13:11:01
salivan utat
0
a.m.akmoldoev
2017-06-29 14:25:39
Seryi-Kardinal, ким ал
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан