Ат-Башы районунда VII "Шырдак фестивалы" болуп өттү (фото)

Кечээ, 28-июнда Нарын облусунун Ат-Башы районунда VII "Шырдак фестивалы" болуп өттү. Бул тууралуу аталган райондун акиминин орун басары Дүйшөналиева Ажаргүл SUPER.KG`ге маалымдады.

"Фестивалдын алкагында "Мыкты уз", "Мыкты шырдак", "Мыкты тамак-аш", "Мыкты кымыз", "Узун чач" жана башка бир топ кызыктыруучу сынактар өткөрүлгөн. Ал эми жеңүүчүлөргө Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан 200 миң сом бөлүнүп берилди", - дейт ал.

Белгилүү болгондой, буга чейин фестиваль эл аралык деңгээлде өтүп, ага ар кайсы өлкөдөн катышуучулар келишсе, бул ирет 7 дубандын ар кайсы аймактарындагы уздар катышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Rawka95
2017-06-29 18:15:21
Ат-Башым алтын бешигим!
0
Asat17
2017-06-30 00:23:41
Улуттук баалулуктар боюнча чачыранды кылбай бир убакытка жай мезгилине бириктирип коюшса.шырдак фестивалы кийиз фестивалы деп болбой.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан