Бишкекте снукер боюнча Азия чемпиондугу өтүп жатат (фоторепортаж)

Бишкек шаарында бүгүн, 29-июнда снукер боюнча Азия чемпиондугу старт алды. Чемпиондук 7-июлга чейин уланмакчы. Мелдеште жалпысынан 70ке жакын спортчу күч сынашууда.

Иран, Индия, Казакстан, Ирак, Катар, Кыргыз жана дагы башка чет өлкөлөрдөн келген спортчулар Азия чемпиондугу үчүн ат салыша башташты. Кыргыздын атынан бул мелдешке Каныбек Сагынбаев, Мухамед Каримберди уулу, Калышкан Сагыналиев, Сыймык Ураимов, Бостон Жакшылыков, Исадбек Радбеков жана Кыргыз өлкөсүнүн снукер боюнча учурдагы чемпиону Кубанычбек Сагындыков катышып жатат.

Финалдык оюндар 7-июль күнү орун алып, жеңүүчүлөр аныкталмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан