Леонид Маевский: "Текебаев элди гипноз сыяктуу алдагандай мени да алдады"

Бүгүн, 29-июнда Леонид Маевский маалымат жыйынын өткөрүп жатат. Анын сөзүнүн негизги өзөгүн Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун соттук иши боюнча маалыматтар түзмөкчү.

18:10 "Мен негизи телекоммуникация тармагында иштейм. "Мегаком" компаниясын кантип сатып алуу боюнча өзүмдүн юристтерим менен макулдаштым. Кийин мен өзүмдүн эсебимден 1 миллион доллар Текебаевге бергем. Учурда сот жүрүп жатат. Сот кандай чечим чыгарат көрөбүз. 2010-жылы "Мегаком" компаниясы 300 миллион долларга бааланып сатып алууну көздөгөнбүз", - деп билдирди Маевский.

18:16 "Менин акча бергеним коррупция эмес. Менде тиешелүү документтер бар. Мен Кыргыз өлкөсүнө учуп келип "Хаят" мейманканасында калдым. Ал күнү "Мегаком" жөнүндө сүйлөштүк. Ал учурда Ош шаарында баш аламандык болуп жаткан.

Менде мүмкүнчүлүк болсо кийинки соттук отурумга катышам. Мен жашырынбайм", - деди Маевский.

18:25 "Текебаев менен Чотоновдун менин иш бөлмөмө киргени видеого тартылып калган. Камералар мекеменин коопсуздугу үчүн коюлган. Мен Атамбаевди өмүрүмдө көргөн эмесмин. Аны сыналгыдан гана көргөм. Бул саясий буйрутма эмес. Ал алдады жооп бериши керек. Текебаев элди гипноз сыяктуу алдагандай, мени да алдады".

18:35 "Текебаевге берилген акча менин жеке өзүмдүн акчам. Акчаны кандай жол менен берем өзүм билем. Аларга берилген сумманын алгандыгы боюнча расписка бар".

Маалымат-жыйын соңуна чыкты.

Текебаев, Чотоновдун иши: Маевский журналисттердин суроолоруна жооп берди (видео толугу менен)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
Samina007
2017-06-29 18:29:18
Супер инфо ушул түз эфирди жакшы ойлопсуңар.соттук отурумду баарын эле түздөн түз берип тургула.Ийгилик ишиңиздерге супер инфо
+6
Adiletto
2017-06-29 19:07:49
ашаке Текебаев учун маевский клоунду жакшы ойлоп тааптыр
+3
sonisoni
2017-06-29 18:29:40
Маевский болуп кетиптирго акыркы кабардын баары.Бизге кызыгы жок эмне болсо ошол болсунчу чарчаттыштыго....
+1
Begmat1992
2017-06-29 18:39:12
Ушунчалык бечел олкобузбу майевский кылмышкер тезинен камакка алыш керек
+5
taku1414
2017-06-29 18:43:58
Майевскийдин бергени корупция болбосо алган киши корупционер болуп калабы.
+14
OAN
2017-06-29 18:48:41
где логика эмне деген адамдар бизди багкарып атат, бул орусту да карма керек чыныгы закон иштесе, ал пара берди анда, журт атасы каргышка калды,эртерек акталып жазасын берсе экен баарынын
+8
sirgak_92
2017-06-29 19:48:46
OAN,Журт атасы Текебайбы )))кулдурбочу ал силердин атанар биздин журт атабыз текебай да ашабай да эмес
-4
Best.bakyt
2017-06-29 19:52:54
sirgak_92,А сен озун кимсин анда тажиксинби же кытайсынбы
0
OAN
2017-06-29 20:03:00
sirgak_92,сиз коп нерсени окубайт экенсиз, журт атасы деп Иса Омуркулов АША ны атаган,а Текебавевди эч ким айткан жок жон гана акталып чык дедим
+3
Snejana
2017-06-29 20:02:34
OAN,туура айттыныз. Мен дагы ушул ойду айтайын дедим эле да.
+3
Momunbekov90
2017-06-29 19:54:07
Бизде пара берген кишини да камачы элего,эмне учун бул эркиндикте журот Кыргыз деп куйгон адам турмодо жатат
+10
bek_07
2017-06-29 20:01:48
Momunbekov90,"кыргыз деп күйгөн адам түрмөдө жатат" деген жериңиз чындыка дал келбей калды.
Албетте тарых баарын тастыктайт. Аз калды КЫРГЫЗЫМ! баары жакшы болот буйруса!
-2
Snejana
2017-06-29 20:05:22
Momunbekov90,ооба, чындык чыркырап гана атат. Аттин!
+4
asan.toluktuk
2017-06-29 21:05:36
Текебаев самолеттогу жукту тактамак эмдигиче Текебаев эркек Аша менен бир жылдан кийин эркекче суйлошот ошондо мен баракелде деп кол чаап турам экоону ажыратып койбой
+9
Altyn2017
2017-06-29 21:42:44
Мына азыркы бийликтин саясаты уят уят каяктагы бир орусту деп а
+2
nazgul20
2017-06-30 14:45:38
Тобо берген акчасын далилдей албай туруп, камака алып койгондорун Бийлик кылып жаткандайго
0
adilbars
2017-06-30 15:15:31
Аида Салянова - 14 апреля 2011 — 22 января 2015 — Генеральный прокурор КР.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан