Кыргыз өлкөсүнүн футбол боюнча улуттук курама командасынын жарым коргоочусу Эдгар Бернхардт Польша чемпиондугунун "Биринчи лигасында" ойногон "Сталь Мелец" аттуу клубуна өттү. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн футбол федерациясы билдирет.
Буга чейин 2016-2017-сезонунда Эдгар Бернхардт Германиянын "Редингхаузен" командасында ойногон, анда 19 оюн өткөрүп, 2 гол киргизгенге үлгүргөн.
Маалым болгондой, Эдгар Бернхардт Польшанын "Биринчи Лигасы" менен тааныш, 2012-2013-жылы польшалык "Краковия" командасында ойноп, "Биринчи лиганын" күмүш медалын жеңип, "Премьер-Лигага" өткөн. Кийинки 2013-2014-сезондо "Премьер-Лигада" "Краковия" командасы менен 9-орунга ээ болгон.