Пакистанда күйүүчү май ташуучу унаанын жарылуусунан улам каза болгондор 173кө жетти

Пакистандын Пенджаб провинциясында 25-июнда күйүүчү май ташыган унаанын жарылуусунан каза болгондордун саны 173кө жеткендигин аталган өлкөнүн маалымат каражаттары жарыялады.

"26-июнга карата өрттөн 152 адам каза болуп, ал эми күйүктөн жаракат алган 117 адам ооруканага оор абалда жаткырылган эле. Азыркы күнгө карата каза тапкандар 173кө жетти", - деп айтылат кабарда.

Эскерте кетсек, 25-июнда Пакистандын Пенджаб провинциясында күйүүчү май тартып бараткан унаа жол кырсыгына кабылган. Оодарылган унаадан агып жаткан бензинди жергиликтүү адамдар идиштерге куюп алып жатканда чоң жарылуу болуп, жүздөгөн адамдар курман болгон эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Snikers18
2017-06-29 21:24:09
Кудай ар кандай кырсыктардан сактасын. Каза болгондордун жаткан жерлери жайлуу болсун. Бирок, "Сагызган сактыгынан эмес, суктугунан олот"- деген соз бар.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан