Америкалык мушкер, оор салмакта 2 жолку Дүйнө чемпиону Майк Тайсон Нью-Йорк шаарында 1966-жылы 30-июнда туулган. Ал 1978-жылы 12 жашында легендарлуу мушкер Мухаммед Али менен жолугушкан соң бокс менен машыгуу тууралуу ойлоно баштаган. 1981-жылы 15 жашында “боксту сүйүүчүлөр” рингинде 25ке жакын беттешүү өткөрүп, анын 6сында жеңилүүгө дуушар болгон. 1984-жылы Майк Тайсон АКШнын Олимпиадалык курама командасына талапкер катары киргени менен эки жолу тең Генри Тиллменге утулуп, Олимпиада оюндарына барбай калган. 1986-жылы 22-ноябрда Майк Тайсон бокстун тарыхында эң жаш дүйнө чемпиону аталган.
30-июндун жылнаамасы.