АКШда видеоролик тартуу учурунда 19 жаштагы кыз жигитин атып алды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, кыз тапанча менен жигитинин көкүрөк тушуна коюлган калың китептин үстүнөн ок чыгарган. Алар китептин барактары окту өткөрбөй кармап калат деп ойлогон. Бирок ок китептен өтүп 22 жаштагы Педро Руизге тийген. Чакырылган "Тез жардам" анын өмүрүн сактай алган эмес.
Видеоролик тартууга катышкан Мона Лиза бул идея жигитине таандык экендигин айткан. Ошондой эле шектүү кыздын 7 айлык боюнда бар экени айтылат маалыматта.