Бишкектеги Кара-Жыгач конушунда кичи автобус жол кырсыгына кабылып, айдоочусу качып кеткен. Бул тууралуу бүгүн, 30-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы кечээ, 29-июнь күнү түштөн кийин болгон. Анда Мерседес Спринтер үлгүсүндөгү кичи автобус жолдун түндүк тарабындагы аялдаманы сүзүп, бир капталга кулаган. Натыйжада унаанын кыймылдаткыч бөлүгү түтөгөн. Ал эми айдоочу кырсык болгон жерден качып кеткен. Жаракат алгандар жок.