Өлкөнүн түштүгүндө күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу бүгүн, 30-июнда Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунан билдиришти.
Маалыматка караганда, жер титирөө 29-июндан 30-июнга караган түнү саат 03:45 чамасында Кыргыз-Тажик чек арасына жакын жерде катталган. Анын очогу Бор-Дөбө айылынан 20 чакырым түштүк-чыгышта, Кара-Киндик айылынан 33 чакырым түштүк-чыгышта, Нура айылынан 43 чакырым түштүк-батышта жана Ош шаарынан 140 чакырым түштүк-чыгышта жайгашып, күчү 4 баллга жеткен.
Алдын ала маалымат боюнча, кыйроолор жана жабыркагандар жок.