Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде "Заманбап япон дизайны" аттуу көргөзмө ачылды. Анын ачылышына Япониянын Кыргыздагы элчилигинин, министрликтердин өкүлдөрү, чет өлкөлүк туристтер жана шаар тургундары катышып, жогорку технологиялар менен жасалган экспонаттарга күбө болушту.
Япониянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилигинин өкүлү Нурсулуу Табылдиева: "Бул иш-чарага келген коноктор Япониянын согуштан кийинки учурда күнүмдүк жашоодо колдонгон буюмдары жана жашоо стили менен тааныша алат. Анда коюлган буюмдардын көбү 2002-жылдан баштап дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө көргөзмөгө коюлуп келе жатат", - деп билдирди.
Көргөзмөгө коюлган буюмдардын кылдаттык, жогорку чеберчилик менен жасалганы коноктордун көңүлүн бурду.
Окулуп бүткөн гезиттен жасалган баштык. Өндүрүүчүлөр муну менен коомчулукту жаратылышка аяр мамиле жасоого үндөйт. Ал эми сатыктан түшкөн каражаттын бир бөлүгү Симанто дарыясынын тегерегин жакшыртуу иштерине жумшалат.
2013-жылы иштелип чыккан үйдө колдонулуучу оптикалык планетарий. Болжол менен 60 миңге чукул жылдызды кадимки бөлмөнүн шыбынан же дубалында туруп көрсөтө алат.
2013-жылы жасалган дүйнөдөгү эң алгачкы роботтоштурулган костюм. Жаракат алган же башка оорулуу адамдардын мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу үчүн иштелип чыккан.
Кагаздан жасалган идиштер. Сапаттуу жасалгандыктан жууп кайра колдонууга болот.
2011-жылы Япониянын чыгышында болгон жер титирөөдөн кийин ушул отургучтар ойлонуп табылган.
Айта кетсек, көргөзмө 23-июлга чейин уланат.