Орусиянын Москва облусунда аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн үч адам каза болуп, онго жакын жаран жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 30-июнда орусиялык маалымат каражаттары укук коргоо органдарына шилтеме берүү менен жазышты.
Маалыматка ылайык, катуу шамалдан оор жүк ташуучу унаанын үстүнө жүктөлгөн ири көлөмдөгү бетон кулап, 2 адамды басып калган. Алардын бири окуя болгон жерден көз жумса, экинчиси ооруканага бараткан жолдо каза болгон. Андан сырткары 33 жаштагы жигитке чагылган тийип, ал ошол жерде мерт кеткен. Ошондой эле 10го жакын адам денесинен ар кандай жаракаттарды алышкан.