"Эгиз төрөлгөн кыздарымдын бирин дарыгерлер бербей койду" деген ата-эненин арызы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.
Анын айтуусуна караганда, Балыкчы шаарынын тургуну Данияр Чыбыевдин арызы боюнча Балыкчы шаарынын ички иштер башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 124-беренеси (адам сатуу) менен кылмыш иши козголгон.
Эскерте кетсек, буга чейин Балыкчы шаарынын тургуну Данияр Чыбыев аялы Махабат Намазбекова төрөгөнгө чейин УЗИге бир нече жолу түшүп баарында эгиз деп көрсөткөнүн, ооруканадан бир эле кыз төрөлдү дегенине ишенбей турганын айтып, УКМКга арыз менен кайрылган.
Кийин төрөттү кабыл алган Балыкчы шаардык ооруканасынын акушер-гинекологу Тилек Айдаралиева эненин жатынында суу көп болгондо түйүлдүк чагылышып, аны экөө кылып көрсөтүшү ыктымал экендигин билдирген.