АКШнын Нью-Йорк шаарында жайгашкан Бронкс районундагы ооруканада атышуу болуп, 2 адам жабыркады. Окуя кечээ, 30-июнда оорукананын 16-кабатында күндүз саат 3кө жакын болгон. Бул тууралуу чет элдик басылмалар полициянын маалыматына таянып жазышты. Ал эми "The New York Times" гезити октон дагы 3 дарыгер жабыркаганын жазды.
Окуя болгон жерге полиция, өрт өчүрүүчүлөр келишкен. Кийинчерээк Нью-Йорк полициясы ооруканада куралдуу кол салган адам жок кылынганын, анын жанында жарадар аял болгонун билдирген.
Кылмышкер оорукананын мурдагы кызматкери болушу мүмкүн экендиги айтылууда. Ак Үй бул окуядан АКШнын президенти Дональд Трамптын кабары бар экенин билдирген.
Белгилей кетсек, бир күндүн ичинде Америка ооруканаларындагы эки куралдуу аткылашуу болгон. Лас-Вегастагы ооруканалардын биринде бейтап ок чыгарып, эки адамды жарадар кылган соң өзүн өлтүргөн.